Indesit 641 THP W/IX/I Bedienungsanleitung Seite 16

  • Herunterladen
  • Zu meinen Handbüchern hinzufügen
  • Drucken
  • Seite
    / 20
  • Inhaltsverzeichnis
  • LESEZEICHEN
  • Bewertet. / 5. Basierend auf Kundenbewertungen
Seitenansicht 15
16
KG
Ишти баштоо жана колдонуу
! Газ күйгүчүнүн же электр мешинин тиешелүү абалы* ар бир туткада
көрсөтүлгөн.
Газ күйгүчтөрү
Ар бир күйгүчтү тиешелүү көзөмөл туткасын колдонуп кийинки
баптоолордун бирине туураласа болот:
Өчүк
Максимум
Минимум
Күйгүчтөрдүн бирөөнү тутандыруу үчүн анын жанында ширеңке же
тамызгыны жандырып кармап туруңуз да, тиешелүү тутканы басып туруп
саат жебесине каршы максималдуу баптоого чейин бураңыз.
Күйгүч коопсуздук түзмөгү менен камсыздалгандыктан, автоматтык
түзмөк жалынды ысыганча күйгүзүшү үчүн тутканы болжол менен 2-3
секунд басыш керек.
Газ күйгүчүн тутандыруусу бар моделдерди колдонгондо тандалган
күйгүчтү тутандырыш үчүн күйгүч тутанганча тиешелүү тутканы басып
туруп саат жебесине каршы бураңыз.
! Жалын кокус өчүп калса, көзөмөл туткасын өчүрүп туруп аны кайра
күйгүзгөнчө жок дегенде 1 мүнөт күтүңүз.
Күйгүчтү өчүрүш үчүн тутканы саат жебесинин багытында аягына чейин
(“●” абалына жеткенче) бураңыз.
Күйгүчтөрдү колдонууга практикалык кеңештер
Күйгүчтөр натыйжалуу иштешин камсыз кылыш үчүн:
Жалын казандын түбүнөн ашып кетпеши үчүн ар бир күйгүч үчүн
туура келген казан-аяк колдонуңуз (жадыбалдан караңыз).
Ар дайым таманы жана капкагы жалпак казан-аяк урунуңуз.
Казандын ичи кайноо чекитине жеткенде тутканы эң кичинеге
жылдырып коюңуз.
Ылдам (R)
Чала Ылдам (S)
Көмөкчү (A)
МВт
(Mini Wok - MW)
24 - 26
16 - 24
8 - 14
24 - 26
Күйгүч Ø Идиш-аяктын диаметри (см)
Күйгүчтүн тибин аныктоо үчүн “Күйгүч менен чоргонун спецификациялары”
деп аталган бөлүктөгү дизайндарды караңыз.
Максималдуу туруктуулук үчүн казан кармагычтар туура орнотулганын
жана ар бир казан күйгүчтүн үстүнө борборуна туураланып
орнотулганын текшериңиз.
Казандын кулактары казан кармагыч тордогу колдоо тилкелеринин
бирине катар орун алышы керек.
Казандын кулагы мештин маңдайкы четинен ашпагандай болуп орун
алышы керек.
Казандын туруктуулугу боюнча кыйла
өзгөрмөлүү аспект көп учурда казан
(же ал казандын колдонуу учурундагы
абалы) болушу мүмкүн. Күйгүчтүн
үстүнө тегиз орнотулган, кулактары
колдоо манжалары менен катарлашкан
тегиз тамандары бар тең салмактуулугу
жакшы казан-аяк баарынан жакшы туруктуулукту камсыз кылышы керек.
Сактык чаралары жана кеңештер
! Бул шайман эл аралык коопсуздук стандарттарына ылайык
долбоорлонгон жана жасалган. Кийинки коркунуч эскертүүлөрү
коопсуздук үчүн берилген, аларды кунт коюп окуш керек.
Жалпы коопсуздук
Бул 3-класстагы ичине курулган шайман.
Газ шаймандары натыйжалуу иштөөгө жетишүү үчүн такай аба
алмашып турушуна муктаж. Мешти орнотуп жатканда шайманды
“Орун алдыруу” абзацында келтирилген маалыматты эске
алыңыз.
Бул нускамалар символдору жетекте көрсөтүлгөн жана сериялык
номурунун тактасындагы өлкөлөр үчүн гана жарактуу.
Шайман үй ичинде тиричиликке колдонуу үчүн жасалган жана
коммерциялык же өнөр жайлык колдонууга арналган эмес.
Шайманды жабык болсо да тышка орнотпош керек. Шайманды жаан
же бороон-чапкынга калтыруу абдан коркунучтуу.
Жылаңайлак бутуңузду же ным же суу колу-бутуңузду шайманга
тийгизбеңиз.
Шайманды чоңдор тамак жасаганга гана, бул китепчеде жалпы
жонунан айтылган нускамаларга ылайык гана урунуу керек.
Шайманды башка колдонуунун кайсынысы болсо да (мис.,
бөлмөнү ысытуу үчүн) туура эмес колдонуу болуп саналат
жана коркунучтуу. Өндүрүүчү туура эмес, ылайыктуу эмес жана
орунсуз пайдалануудан келип чыккан кандай болбосун зыян
үчүн жооптуу кармала албайт.
Желдетүү жана ысыкты чыгаруу үчүн көзөнөктөрдү эч качан жаппаш
керек.
Шайман колдонулбай турганда туткалар сөзсүз “●”/“абалда болуш
керек.
Шайманды сууруп жатканда айрыны негизги тармак чанагынан
сууруңуз, кабелинен тартпаңыз.
Айрыны негизги тармактан ажыратпай туруп тазалоо же тейлөө
иштерин эч качан аткарбаңыз.
Туура эмес иштеген учурда шайманды эч кандай жагдайда өзүңүз
оңдойм деп аракет кылбашыңыз керек. Тажрыйбасы жок инсандар
аткарган оңдоо иштери жаракат келтирип же шаймандын туура
эмес иштешине алып келиши мүмкүн. Кызмат Борборуна кайрылуу
(Жардамды караңыз).
Газ күйгүчтөрү же электр мештери сууй электе айнек капкагын (эгер
болсо) жаппаңыз.
Шайманды физикалык, сенсордук же менталдык мүмкүнчүлүктөрү
чектелген кишилер (анын ичинде балдар), тажрыйбасыз инсандар
же өнүм менен тааныш болбогон кишилер иштетпеши керек. Бул
инсандар иштете турган болсо, жок дегенде алардын коопсуздугу
үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган бирөөнүн көзөмөлүндө болуп, же
шайманды иштетүү боюнча алдын ала нускама алышы керек.
Балдарга шайман менен ойногонго жол бербеңиз.
Шайман тышкы таймер каражаттары же өзүнчө алыстан
көзөмөлдөө системи менен иштетилүүгө арналган эмес.
Ыргытуу
Таңгактоо материалын ыргытып жатканда: таңгактоо материалын
кайра колдонсо болгондой кылып жергиликтүү мыйзамдарды
аткарыңыз.
Таштанды Электр жана Электрондук Жабдуу (WEEE) Европа
Директивасы Е 2012/19/EU эски үй-тиричилик электр шаймандарын
кадимки ылганбаган муниципалдык таштанды агымы менен чогуу
ыргытпаш керек деп талап кылат. Ичиндеги материалдарын
калыбына келтирүүнү жана кайра иштетүүнү оптималдаштыруу
жана адамдын ден соолугуна жана чөйрөсүнө эпкинин азайтуу
Seitenansicht 15
1 2 ... 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20

Kommentare zu diesen Handbüchern

Keine Kommentare